Эми казакстандыктар үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алууда же сатууда калкка кызмат көрсөтүү борборуна баруунун жана нотариуска кайрылуунун кажети жок болот. Ал үчүн атайын онлайн платформа иштелип чыкты. Анын мүмкүнчүлүктөрү бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында тааныштырылды. Жаңы системада Blockchain технологиялары жана биометрикалык идентификация колдонулат. Ар бир объект боюнча келишим жана видеоматериалдар «электрондук өкмөттө» сакталат. Бир нече күнгө созулган жараян, эми 1 саатка чейин кыскарат. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик кызматтардын 93%га жакыны электрондук түрдө көрсөтүлөт. Көрүлгөн чаралардын аркасында Казакстан онлайн кызматтар боюнча БУУнун рейтингинде 8-орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков