Казакстанда дагы 1 405 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бейтаптардын көпчүлүгү Караганды облусунда. Бул жерде бир күндө 323 адамга COVID-19 диагнозу ПЧР-тести аркылуу коюлган. Алматы шаарында коронавирустук инфекциянын 230 учуру катталды. Бейтаптардын саны боюнча борбор калаа үчүнчү орунду ээледи. Мында 172 адам илдетти жуктуруп алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 386 миңден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков