Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

Коронавирус инфекциясынын күчү кайта баштады. Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырып баратат. Казакстанда акыркы эки аптада илдеттин көрсөткүчү 31% азайган. Жагымдуу жаңылык менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн кезектеги жыйынында бөлүштү. Анын айтымында, 1 миллион кишиге 222 мамлекет кирген дүйнөлүк рейтингде Казакстан кооптуу илдетке чалдыгуу көрсөткүчү боюнча 110-орунда, ал эми курмандыктардын саны боюнча 102-орунда турат. Министрдин айтымында, жалпысынан соңку айда вируска чалдыккандардын саны 3,1 эсеге азайган. Стационардык жана амбулатордук бейтаптардын саны 1,7 эсеге кыскарды. Инфекциялык бөлүмдөгү орундар 23% толду, ал эми жандандыруу бөлүмдөрүндөгү орундар менен камтуу 20% түздү. Республика боюнча эмдөө кампаниясынын алкагында биринчи компонент менен 8,8 миллиондон ашык адам, экинчи компоненти менен 8,3 миллиондон ашык адам эмделди.

Алексей Цой, РКнын Саламаттык сактоо министри:

- Бүгүнкү күндө Comirnaty Pfizer вакцинасынын биринчи компоненти менен 188 906 адам эмделди. Алардын ичинен 150 669 өспүрүм жана 38 237 кош бойлуу жана бала эмизген аялдар. Экинчи компонент менен 19 386 адам эмдөөдөн өткөн. Эмдөө кампаниясы уланууда. Мындан тышкары, 136 миң адам ревакцинациядан өткөн. Өлкөдө ПЧР-тести оң чыккан 980 372 адам жана ПЧР-тести терс болгон 83 437 учур катталды. Бейтаптардын 96%дан ашыгы айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков