Атырау облусунда Казакстандын Батыш аймагынын электр линияларын чыңдоо максатында курулган жаңы электр желелери пайдаланууга берилди. Расмий ишке кошуу аземине телекөпүрө аркылуу премьер-министр Алихан Смаилов катышты. Тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Казакстандын Батыш аймагындагы керектөөчүлөрдү туруктуу энергия менен камсыз кылуу максатында компания «Батыш Казакстан энергетикалык түйүнү – Атырау – Мангыстау» – багыты боюнча жалпы узундугу 780 чакырымга жакын 220 кило Вольт беш электр линиясын курду. 4 миңден ашык электр мамылары орнотулуп, бир нече көмөкчордондор кеңейтилип, жаңы бөлүштүрүүчү станция ишке киргизилди. Казакстандын камтуу үлүшү 70%га жакынды түздү. Өз сөзүндө Алихан Смаилов стратегиялык мааниге ээ долбоордун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана Батыш аймагынын экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары, тармакты чыңдоо Казакстандын Бирдиктүү электр энергетика системасы менен интеграцияланууга негиз болот.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Ал электр
тармактарынын кубаттуулугун эки эсеге жогорулатат. Ошондой эле Батыш Казакстанда, анын ичинде
МАЭК (Мангыстау атом электр станциясы) электр станциясында авариялык кырдаалдар
учурундагы керектөөчүлөрдүн өчүрүүлөрүнүн санын бир топ кыскартат.
Наби Айтжанов, «Kegoc» АК Башкарма төрагасы:
- «Индер» көмөкчордонунда
орнотулган башкарылуучу кошумча реакторлор чыңалууну стабилдештирүүчү, жоготууларды
азайтуучу жана узун линияларды бөлүштүрүүчү тармактарды эксплуатациялоонун
ишенимдүүлүгүн жогорулаткан уникалдуу комплекс болуп саналат. Долбоорду ишке
ашыруунун натыйжасында электр тармактарынын кубаттуулугу бир кыйла жогорулайт. «Батыш
Казакстандын энергетикалык түйүнү – Атырау» бөлүгүндө 100 МВттан 200 МВтка
чейин, «Атырау – Маңгыстау» тилкесинде 50 МВттан 200 МВтка чейин.
Бул долбоорду
ишке ашырууда жергиликтүү камтуунун үлүшү 68 пайыздан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков