Казакстанда «Astana Media Week 2023» өтүп жатат. Негизгисалттуу күзгү медиа иш-чара адаттагыдай эле тармактын көйгөйлөрүн аныктап, жаңыөзгөрүүлөргө жол ачууга багытталган. Быйылкы жыйында маалыматтарды коргоо жанамедиа мейкиндигин максималдуу санариптештирүү эң актуалдуу темага айланды.
Данияр Бибасар, IT компаниясынын башкы мүдүрү:
-Негизинен дүйнөдө бул айти өнүмдүн үлгүсү бар. Биздинөзгөчөлүгүбүз, биринчиден, Казакстандын бардык массалык маалымат каражаттарынтолук камтыганыбызда. Экинчиден, бизде аналитикалык борборубуз бар. Бул медиаталдоо жаатындагы ар кандай максаттарды чечүүгө жардам берет. Жасалма интеллектсиз үчүн табылган терс көрүнүшкө жооп даярдайт.
Борбордук Азия чөлкөмүндөгү уникалдуу платформакатышуучуларды этика жана жоопкерчилик менен бирге маалымат мейкиндигиндежаңыланууга, жалган маалыматка каршы турууга чакырат. Бул багытта ата мекендикжана чет элдик серепчилер талкуулап, пикир алмашып жатышат. Бул жылы жалпысынанборбор калаанын медиа иш-чарасына Түркия, Корея, Орусия жана Борбор Азиячөлкөмүнөн келген тармактык талдоочулар чогулушту.
Мехмед Захид Чалышкан, Түркия теле-радио корпорациясынынКазакстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы:
-Эл аралык деңгээлде карасак, бул иш-чара Борбор Азия жанатүрк дүйнөсүнүн эле эмес, башка өлкөлөрдөн да тармактык адистерди жыйнайт. Башкачаайтканда, эл аралык деңгээлде пикир алмашуу форуму. Мындай масштабдууиш-чаранын Казакстанда өтүшү өлкөнүн медиа тармагы башкаларга үлгү экенининбирден бир көрсөткүчү деп эсептейм.
Медербек Шерметалиев, Кыргызстандын «Кабар» улуттукмаалыматтык агенттигинин мүдүрү:
-Кыргызстандын Кабар агенттиги Казакстандын жана бүтүндөйБорбор Азиянын жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууга даярбыз. Менойлойм бул Борбор Азия мамлекетинин өзүнүн регионалдык коопсуздугу үчүн дагымассалык маалымат каражаттарынын жыйындары өтүп туруш керек.
Бул жылы иш-чарага биринчи жолу көз карандысыз подкасттаржана санариптик контенттин авторлору тартылды. Жалпысынан Astana Media Week үчкүндүн ичинде 2000ден ашык катышуучуну чогултуп, 60тан ашык топ-менеджердинбашын бириктирет деп күтүлүүдө.
Которгон:Илгиз Жамалбеков