Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Сбербанктын башкармалыгынын төрагасы
Герман Грефти кабыл алды. Жолугушууда банк тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу
маселелери, учурдагы геосаясий кырдаалдын аймактын өлкөлөрүнүн экономикасына
тийгизген таасири талкууланды. Каржы тармагында санариптик технологияларды жана
жасалма интеллектти колдонуунун келечеги өзүнчө каралды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

