Казакстандык стартаптар 98 экспорттук макулдашууларды түзүштү

Казакстандык стартаптар 98 экспорттук макулдашууларды түзүштү

Казакстандык стартаптарга суроо-талап өсүп, дүйнөлүк рынокторду багындырууда. Ошентип, Astana Hub-тың Global Outsourcer программасынын экинчи тобунун корутундусу боюнча 15 атамекендик IT-компания жалпы суммасы 335 миң долларды түзгөн 100гө жакын экспорттук келишимдерге кол коюшту. Казакстандык долбоорлорго дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн буйрутма берилген. Алардын арасында АКШ, Улуу Британия, Германия, Канада, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Австралия бар. Белгилей кетүүчү нерсе, акселерация программасы дараметтүү кардарларды табуу боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүп, онлайн-платформаларда жана башка рыноктордо өнүмдөрдү сатууга багытталган.


Айгерим Ашынбекова, Astana Hub бизнес-программалар кеңешинин башкы менеджери:


- Бул фронтэнд, бэкэнд иштеп чыгуу боюнча кызматтар менен жасалма интеллект негизинде түзүлгөн, ошондой эле google-скрипттер жана башка заманбап долбоорлор. Бул программанын максаты-эл аралык платформалар аркылуу 3 айдын ичинде алгачкы сатууга чейин жеткирип, экспортко багытталган буйрутмаларды жана келишимдерди түзүү. Бул жерде биз компаниялардын эл аралык буйрутмаларга жетүүсүн колдойбуз. Кийинки жылы үчүнчү топту ишке кошууну пландап жатабыз. Ага бардык IT-компанияларды катышууга чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков