Казак режиссёру Адилхан Ержановдун «Сары мышык» тасмасы Оскар сыйлыгына талапкер болду. Тасма «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясында ат салышат. Белгилей кетсек, былтыр аталган тасма дүйнөлүк деңгээлде 77-Венеция кинофестивалынын Горизонт сынактык программасында көрсөтүлгөн. Кийин Италиядагы Верона, Бельгиядагы Брюгге сыяктуу бир катар абройлуу сынактарга катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Ошондой эле, Адилхан Ержанов аталган эмгеги үчүн Стокгольмдо өткөн Норе кинофестивалында «Эң мыкты режиссёр» наамын жеңип алган.
Айта кетсек, «Сары мышык» тасмасы Казакстандын Бонни менен Клайд тасмасы тууралуу баяндайт. Бул жолдо кыйынчылыктарга туш болуп, душмандар менен бетме-бет келген жубайлар тууралуу укмуштуу окуя. Тасмада башкы ролдорду орусиялык актёр Азамат Нигманов менен казактын жаш актрисасы Камила Нугманова ойногон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков