Абдужаппар Гаипов: Кайсы жерде болсоң да илим менен алектенүүгө тоскоолдук жок

Абдужаппар Гаипов: Кайсы жерде болсоң да илим менен алектенүүгө тоскоолдук жок

Абдижаппар Гаипов - ата мекендик илимдин көрүнүктүү өкүлү. Дарыгер, изилдөөчү жана окутуучу. Окумуштуу өз ишинде клиникалык медицинага, көлөмдүү маалыматтарга жана заманбап технологияларга таянган. Ал ошондой эле Борбордук Азияда биринчилерден болуп өнөкөт бөйрөк оорусунун биомаркерлерин, башкача айтканда, заарадагы протеиндерди изилдеген. Бул жалпы медицинада өнөкөт бөйрөк ооруларын дарылоодо чоң мааниге ээ болушу мүмкүн.