Адамдын кадимки басуусунан энергия алып, аны медициналык диагностикада колдонсо болобу? Аалам жалпысынан энергиядан турат жана ааламдын ар кайсы бурчтарындагы илимпоздор аны колдонуунун ар кандай жаңы жолдорун издеп жатышат. Казакстанда изилдөөчү Гүлнур Калимулдина баштаган топ кыймылды баалуу медициналык маалыматтарга айландыруучу сенсорлорду иштеп чыкты. Бул маалыматтар май тамандарды гана эмес, Аутизмдин алгачкы белгилерин да аныктоого жардам берет. Технологиянын уникалдуулугу-бул сырткы энергия булактарын талап кылбайт жана маалыматтарды талдоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен медициналык диагностикада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Назира Бегалиева

