Казакстандык окумуштуу Дана Утебаеванын долбоору үн датчиктерин жана терең окутуу технологияларын колдонуу менен дрондорду аныктоо системасын иштеп чыгууга багытталган. Бүгүн асманда учкан дрон эч кимди таң калтыра албайт. Жерден башкаруу аркылуу учуучу аппараттар менен кызыктуу сүрөттөр тартылып, пакеттер жеткирилип, тоолор же кырсык болгон аймактар сыяктуу адам баса албаган жерлер текшерилип, токойлор менен талаалар көзөмөлдөнөт. Жыл сайын дронго жүктөлгөн тапшырма азайган жок. Бирок, дал ушул технологиялар адамга, ал тургай бүтүндөй мамлекетке олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн.

