Сууну секунданын ичинде кантип тазаласа болот?

Сууну секунданын ичинде кантип тазаласа болот?

Казакстандык окумуштуу Альжан Байменов сууну тазалоо үчүн жаңы материалдарды табуу үстүндө иштеп жатат. Анын долбоорлорунун биринин натыйжалуулугу далилденген. Изилдөөчү эки компонентти бириктирген затты иштеп чыккан: 3D  курулуму бар полимер  – криогель жана 2D жаңы түрү - максен. Алардын биригишинин натыйжасында магнит функциясын аткарган курам пайда болду. Ал сууну тазалап, уулуу заттарды өзүнө тартып, кармайт.