2030-жылга карата кайсы адистиктер трендде болот?

2030-жылга карата кайсы адистиктер трендде болот?

Бул тууралуу «Болашак» коому башкармалыгынын мүчөсү Мухтар Манкеев билдирди. Анын айтымында, келечекте ТОП-7 адистикке IT-дарыгерлер кирет. Бул эки тармактын биригүүсүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы кесип.

Мухтар Манкеев, «Болашак» ассоциациясы кеңешинин мүчөсү:

- Мурда биз блогерлер деп айтчубуз, бирок аларды эч ким даярдаган эмес. Азыр аталган эки кесипти бириктирген чыныгы тренд-вотчер кесиптик багыты өнүгүп жатат. Биоинженерлер, дата-аналитиктер суроо-талапка ээ болушат. Ошондой эле шаардык экологдорго суроо-талап өсүүдө. Мурда архитекторлор гана болгон, эми экологияны камтыган гибриддик кесип пайда болду. Долбоордун менеджери, жасалма интеллект жана унаа окуу тармагы сыяктуу жаңы адисткитер дагы өнүгүп жатат.

Баяндамачынын айтымында, 2025-жылдан кийин мектеп бүтүрүүчүлөрү бул кесиптерди негизги багыт катары карашы керек. Ошондой эле, «Болашак» ассоциациясынын өкүлү Казакстандагы студенттерге кесиптик багыт берүү ишин күчөтүү керектигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков