Казакстанда аэропорттор менен аба кемелеринин техникалык абалына көзөмөл күчөтүлөт

Казакстанда аэропорттор менен аба кемелеринин техникалык абалына көзөмөл күчөтүлөт

Казакстанда аэропорттордун жана аба кемелеринин техникалык абалына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлөт. Алар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бүгүн премьер-министр Олжас Бектенов укук бузуулардын алдын алуу боюнча Мекемелер аралык комиссиянын жыйынында авиациялык коопсуздукту күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Иш-чаралардын алкагында ошондой эле атамекендик авиакомпаниялардын учуучу экипаждарынын квалификациясы, кабыл алуусу жана компетенттүүлүгү текшерилет. Ал эми авиа каттамдарга ыкчам чара көрүү үчүн авариялык-куткаруу иштеринин механизмин өркүндөтүү жана кызыкдар мамлекеттик органдардын координацияланган ишин камсыз кылуу зарыл деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. Олжас Бектенов мындай кырсыктарды болтурбоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. Белгилей кетсек, Премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаевдин Өкмөттүк комиссиянын Актау шаарына жакын жердеги Авиакырсык болгон жердеги иши тууралуу отчету жыйында күн тартибинен тышкары угулду. Ошентип, Транспорт министрлиги учурда Азербайжан Өкмөтү менен биргеликте жигердүү иштеп жатканы белгилүү болду. Эртең Бразилиянын авиация бийликтери менен Embraer компаниясынын келиши күтүлүүдө. Тупкараган районунда жергиликтүү масштабдагы техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен авиакырсыктан жабыркагандарга толук көлөмдө медициналык жардам көрсөтүлүп, каза болгондордун туугандары жана жакындары колдоо алышат. Жалпысынан ишеним байланыш телефондоруна ушул күндөрү миңден ашык чалуулар келип түштү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков