20-ноябрь - Дүйнөлүк балдар күнү

20-ноябрь - Дүйнөлүк балдар күнү

Жетинин айынын 20сы - Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү. Бул дата БУУнун сунушу менен 1954-жылдан бери белгиленип келет. Бүгүнкү күндө Казакстан калкынын үчтөн бир бөлүгүн — тагыраагы 6 миллион 800 миңден ашуун бала түзөт. Өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоо максатында өлкө бир катар эл аралык документке кошулган. Алардын укуктарын атайын ыйгарым институт коргойт. Өлкө жаштары сапаттуу билим, татыктуу тарбия алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө окуучулардын 80% кошумча билим менен камтылган. 2025-жылга карата тарбиялануучулардын спорт ийримдерине катышуусун 50%га жеткирүү көздөлгөн. Балдардын коопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө билим берүү борборлору көбү ыкчам башкаруу борборуна кошулуп, сигнализация баскычтары орнотулган.

Едил Оспан, Окуу-агартуу вице-министри:
- Мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири - балдардын бакубат жашоосу жана аларды колдоо. Ошондуктан биздин өлкө балдарды коргоо жаатындагы 15 эл аралык документке кошулган. Биздин жаш муундардын жашоо сапатынын эл аралык стандарттарына жетишүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Аларды ишке ашыруунун конкреттүү механизмдери каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков