Залалдуу шишикке каршы казакстандык дары сынактын эки этабынан ийгиликтүү өттү

Залалдуу шишикке каршы казакстандык дары сынактын эки этабынан ийгиликтүү өттү

Казакстандык окумуштуулар иштеп чыккан залалдуу шишикке каршы дары клиникалык сыноолордун эки баштапкы баскычынан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти билдирди. Дос Сарбасовдун айтымында, дары залалдуу шишик клеткаларын гана жок кылбастан, алардын өсүшүн да басат, муну менен катар химиялык терапия учурунда айыккыс илдеттин акыркы стадиясында да колдонулат. Атамекендик препарат казак онкология жана радиология институтунда сыноодон өтүп жатат. Дарыгерлер уулануунун жоктугун ырасташып, бейтаптарга берилген дары-дармектердин дозасын эки эсе көбөйттү. Белгилей кетсек, казакстандык препарат эл аралык патентке ээ.

Дос Сарбасов, Улуттук илимий академиясынын вице-президенти:

- Көзөмөлдөө тобундагы 5 пейтаптын абалын турукташтырууга таасирин тийгизди. Шишик чоңойгон жок, бир бейтапта шишик 30 пайызга азайды. Башкача айтканда, кичинекей дозаны колдонсо дагы, жогорку натыйжалуулугун көрсөттү. Ошондуктан биз мындай маалыматты алганыбызга кубандык. Бул азырынча баштапкы эффект. Бул препарат менен иштөө мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Биз муну аягына чейин чыгарышыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков