Вакцинация тууралуу уламыштар: серепчинин пикири

Вакцинация тууралуу уламыштар: серепчинин пикири

Коронавируска каршы эмдөө эч кандай ооруну пайда кылбайт, тукумсуздукка алып келбейт жана ДНКны өзгөртпөйт. Медицина илимдеринин доктору, инфекционист дарыгер Ляззат Ералиева эмдөөнүн тегерегинде калыптанып жаткан аңыздар тууралуу айтып берди. Ал көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында COVID-19га каршы эмдөөнүн коопсуздугу илимий жактан далилденгенин эске салды. Ал эми препарат сайылгандан кийин эч кандай оорулар тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Окуялардын гипотетикалык мүмкүн болгон өнүгүшүнөн кооптонуунун кереги жок, анткени коркунуч жакын эле жерде - бул коронавирустун өзү, -деп эсептейт дарыгер. Ошол эле учурда, аталган инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун 3 эсеге азайткан бул иммунизация болуп саналат. Бирок эң башкысы, вакцина өлүмдөн коргойт. Айта кетчү жагдай, Казакстанда күн сайын кооптуу инфекциядан 100дөн ашуун адам көз жумат.

Ляззат Ералиева, медицина илимдеринин доктору, инфекционист:

- Вакцинация баарынан мурда эс тутум клеткаларыбызды түзүү үчүн керек жана кайра инфекция жуктурганда же вирус менен кайра жолукканда, бул эс тутум клеткалардын жардамы менен антителолор бизде алда канча тез өндүрүлөт жана организм тезирээк реакция кылат – же адам оорубайт, же ооруп калса дагы жеңил түрүндө өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков