Өткөн суткада дагы 642 адам коронавирустан айыгып чыкканы маалым болду. Ошентип, коркунучтуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 118 миң 004 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 769 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 133 887 адамды түздү.
Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 16190
Алматы шаары - 16269
Шымкент шаары - 5381
Акмола облусу - 5432
Актөбе облусу - 3493
Алматы облусу- 5801
Атырау - 11708
Чыгыш Казакстан облусу - 16670
Жамбыл - 4467
Батыш Казакстан облусу - 8140
Караганды - 11164
Костанай - 5553
Кызылорда - 3296
Маңгыстау - 3441
Павлодар облусу - 6674
Түндүк Казакстан облусу - 6713
Түркестан облусу - 3495
Ал ортодо өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 8 жана 2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 47 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 42 455, каза тапкандар 446, ал эми сакайып чыккандардын саны 30 728 жетти.