Улытауда эл аралык техникалык университет ачылат

Улытауда эл аралык техникалык университет ачылат

Улытау облусунда Эл аралык техникалык университет ачылат. Бул тууралуу облустун акими Берик Абдигали уулу билдирди. Студенттер кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул үчүн университетке көптөгөн чет элдик адистерди тартуу күтүлүүдө. Азыр жооптуу министрликтин өкүлдөрү абройлуу университеттер менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Берик Абдигали уулу, облус акими:

Бул жерде жаңы Казакстандагы чет элдик университеттердин биригип окуган университети болот. Чет элдик диплом алып, айти, техникалык адистиктерди даярдашат. Райондун жаштары гана эмес, бүткүл Казакстандын жаштары билим алууга мүмкүнчүлүк болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков