Түркестанда анимациялык фильмдердин эл аралык фестивалы өттү

Түркестанда анимациялык фильмдердин эл аралык фестивалы өттү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн аниматорлорунун мыкты мультфильмдери. Түркестанда үчүнчү эл аралык «Амен» фестивалы өттү. Ага Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана башка өлкөлөрдөн авторлор катышты. Көрүүчүлөргө ар кандай түрдөгү жана жанрдагы 49 анимациялык фильм сунушталды. Алардын эмгектерине ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк анимациянын белгилүү адистери да баа беришти. Анимациялык фильмдердин салттуу сынагы казак мультфильминин атасы аталган Амен Хайдаровдун урматына үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар фестивалды келечекте чет өлкөдө өткөрүүнү мерчемдеп жатышат.

Азизбек Мухамедов, режиссёр-аниматор:

- Биз биринчи жолу катышып жаткан жокпуз. Акыркы жолу бизден «Агым» деген аталышта тасма катышкан. Аны абдан жакшы кабыл алышкан. Ал мыкты анимациялык оригиналдуу көркөм тасма деп табылган.

Болат Тлепов, РКнын Коомдук өнүктүрүү жана маалымат вице-министри:

- Негизи биздин өлкөдө анимация искусствосу билим жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Чынында эле, атактуу психологдордун жана окумуштуулардын айтымында, анимациялык тасмалар баланын аң-сезимине үй-бүлөсүнө караганда 2-3 эсе көп таасир этет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков