ССМ: Казакстанда маймыл чечегин жуктуруу окуялары катталган жок

ССМ: Казакстанда маймыл чечегин жуктуруу окуялары катталган жок

Казакстанда бүгүнкү күндө маймыл чечегине шектелген бир дагы учур каттала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошондой эле, компетенттүү орган мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдү жана өтө кооптуу ооруларга шектелген бейтаптарды аралыктан термометриялык аныктоо чараларын жүргүзөт. Республиканын башкы санитардык дарыгери чет өлкөгө чыккандарга маймыл чечек оорусунун булагы аныкталган Батыш Африка өлкөлөрүнө барбоого кеңеш берди. Ал эми саякатка чыкканда жапайы жаныбарларга жакын болбоо эскертилет. Ошондой эле, көчөдөгү катталбаган жана антисанитардык жерлерде тамактануудан алыс болуу керек. Адамдар коомдук жайларга барганда жеке сактык чараларын эске алуу менен жеке гигиенаны сактоо зарыл. Мындан тышкары, казакстандыктар сапардан кайтып келгенден кийин үч жуманын ичинде саламаттыгынын начарлашы, дене табынын көтөрүлүшү жана шектенүү пайда болгон учурда жакын жердеги медициналык мекемеге кабарлап, чет мамлекетте болгондугу тууралуу милдеттүү түрдө маалымдоо эскертилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков