Казакстандык окумуштуулар лейкемияга каршы препарат ойлоп тапты

Казакстандык окумуштуулар лейкемияга каршы препарат ойлоп тапты

Казакстандык окумуштуулар кан рагына каршы дары ойлоп табышты. CAR Т-клетка терапиясы салттуу дарылоо ыкмалары жардам бербеген бейтаптарга жаңы үмүт берет. Колдонуудагы өтө уулуу химиотерапия дени сак жана оорулуу клеткаларга бирдей таасир этери белгилүү. Бул иммундук системанын төмөндөшүнө алып келет. Ата мекендик инновациялык иштеп чыгуу бир гана илдет клеткаларга гана багытталган. Борбор Азияда теңдеши жок дарылоо ыкмасы келерки жылы залалдуу дарттын акыркы стадиясындагы бейтаптар үчүн колдонулат.

Вячеслав Огай, Улуттук биотехнология борборунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- CAR-T клеткалары колдонулган ыкма менен бир гана оорулуу клеткалар жок кылынат. Башкача айтканда, залалдуу шишик менен эффективдүү күрөшөт. Натыйжада, терс таасирлери азыраак болот. Ошондуктан дарылык терапия менен салыштырганда залалдуу шишикке чалдыккан бейтап бир айдын ичинде толук айыгып чыга алат деп айта алабыз. Эң жогорку эффективдүүлүк car-t клеткалары салынгандан кийин эки жума өткөн соң байкалат.

Бул Улуттук биотехнология борбору колго алган долбоорлордун бири гана. Жалпсынына ал бүгүнкү күндө 230 патентке ээ. Ата мекендик окумуштуулардын иштеп чыгуулары, борбордун иши менен таанышкан эл аралык серепчилер жогору баалашты. Дүйнөлүк  интеллектуалдык уюм, Евразиялык патенттик уюм өкүлдөрү жана Кытай, Марокко, Индонезия, Армения, Азербайжан жана Тажикстандын тармактык адистери менен биотехнологиялык багытта кызматташтык орнотууга кызыкдар.

Григорий Ивлиев, Евразия патенттик ведомствосунун президенти:

- Өзгөчө бизди онкогематология кызыктырды. Себеби бул маселедеги алдыга жылуу - миңдеген адамдарга үмүт берип, өмүрүн сактап калат. Залалдуу шишиктен толук айыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Борбордо мындай дүйнөлүк деңгээлдеги фундаменталдык изилдөөлөр биздин тыгыз кызматташуубуздун зарылдыгын көрсөтөт. Биз мындай жетишкендикти Казакстанда гана эмес, Евразия деңгээлинде да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул уникалдуу инновациялык ыкманын дүйнөлүк рынокко чыгышына өз таасирибизди тийгизе алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков