Казакстанда саламаттыкты сактоо системасы санариптештирилүүдө. Кийинки айдан баштап
өлкөдө жасалма интеллект – «дарыгердин жардамчысы» киргизилет. Ал диагностиканы оптималдаштырууга жана
каталарды азайтууга мүмкүндүк берет. Бирдиктүү
мамлекеттик медициналык маалымат системасы түзүлүүдө. Ал чачыранды маалымат
базаларын алмаштырууга жана ооруканалар менен поликлиникалардын ишинде
ачыктыкты камсыз кылууга багытталган. Пациенттерди
идентификациялоо боюнча долбоор ишке киргизилди – «Санариптик документ» жана Face ID аркылуу. Бул негизсиз медициналык
кызматтардын санын 6%га же дээрлик 5 миллиард теңгеге кыскартууга мүмкүндүк
берди. Эң көп талап кылынган
8 түрдөгү медициналык маалымкаттар
санариптештирилди. Жыл башынан бери маалыматтык системаларда 4,7 миллиондон
ашык ушундай документ катталган. Медициналык маалымат системаларын
оптималдаштыруу дарыгерлер менен
медайымдардын жүгүн 40%га жеңилдетти. Мамлекет ошондой эле саламаттыкты
сактоого жана тармакка инновацияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Акмарал Альназарова, Казакстандын саламаттыкты сактоо
министри:
- Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнө
жүзү боюнча татаал трансплантациялык операциялар жасалган 6 өлкөнүн катарына
кирет. Казакстанда протондук терапияны колдонгон заманбап онкологиялык борбор
ачылды, мындай борборлор дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашпайт. 2024-жылы өлкөдө
биринчи жолу "феталдык медицина" инновациялык технологиясы
киргизилип, бүгүнкү күнгө чейин түйүлдүккө 71 жолу ичтен операция жасалып,
натыйжада 96 жаңы төрөлгөн ымыркайдын өмүрү сакталып калды. Ушул жылдан баштап
алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө педиатрия бөлүмдөрү ачылууда. Бүгүнкү
күндө 100 өнүгүү жана эрте кийлигишүү борборлору ачылды.
Которгон: Назира Бегалиева

