Америка Кошмо Штаттары маймыл чечегинин жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн эмдөө боюнча улуттук стратегияны кабыл алды. Препараттын 300 миңге жакын дозасы бөлүнөт. Алардын 50 миңден ашыгы жакынкы аралыкта жарандарга жеткирилет. Вакцина федералдык фонд тарабынан каржыланат. Кошумчалай кетсек, бийлик жакынкы бир нече айда бир жарым миллиондон ашык дозаны жөнөтүүгө убада берүүдө. Эске сала кетсек, буга чейин АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборлору маймыл чечеги менен күрөшүү үчүн ыкчам операциялык борбор ачылганын жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 244 адам маймыл чечек илдетине чалдыккан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков