Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылуусу боюнча антирекорд жаңыртылды. Өткөн суткада республика боюнча 6 925 кишиден COVID-19 оорусу аныкталды.
Оору жугуу учурларынын төрттөн бири борборго туура келет, Нур-Султанда 1 531 тургундан коронавирус инфекциясы чыккан. Ал эми Алматы шаарында 1 250 киши оору жугузган. Караганды облусунда 24 саат ичинде 920 кишиге коронавирус оорусу жукканы белгилүү болду. Пандемия башталгандан бери оору жугузган адамдарды саны 549 миңге жакындады. Ушул учурга карата 89 миң киши коронавируска каршы дарыланып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Маалымат боюнча, ушул тапта 319 бейтап оор абалда жатат, ал эми 160 казакстандык жасалма дем алдырууга кошулган.