Өзбекстанда жүрөк илдеттерин дарылоонун инновациялык ыкмалары киргизилип жатат

Өзбекстанда жүрөк илдеттерин дарылоонун инновациялык ыкмалары киргизилип жатат

Өзбекстанда бейтаптарды дарылоонун инновациялык ыкмалары активдүү жүргүзүлүүдө. Ташкенттеги республикалык адистештирилген хирургия илимий-практикалык медициналык борборунда акыркы жылдары 200дөн ашык заманбап тажрыйба киргизилди. Азыр дарыгерлер хирургиянын дагы бир жогорку технологиялык түрүн өздөштүрүп жатышат. Кытай адистери тарабынан иштелип чыккан ПАН-процедура тубаса жүрөк кемтиктерин заманбап ыкма менен дарылоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал организм үчүн кыйла коопсуз.


Санджар Бабаджано, Хирургия борбору интервенциялык кардиология бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери, Өзбекстан:


- Интервенциялык методдор рентген-көзөмөл менен жүргүзүлөт. Албетте, технология олуттуу жаракат алып келбейт. Кесүүнүн, наркоздун кереги жок. Бирок рентген нурларынын таасири болушу мүмкүн. Ал келечекте радиациялык илдеттин өнүгүүсү менен күчөйт. Бул технология рентген нурларын колдонууну талап кылбайт. Башкача айтканда, биз бейтапка да, интервенциялык лабораторияда күнү-түнү иштеген кызматкерлерге да рентген нурларынын таасирин болтурбайбыз.


Инновациялык ыкма аймактык илимий симпозиумда талкууланды. Казакстан, Орусия, Түркия жана Түркмөнстандын алдыңкы кардиологдору ПАН-процедурасын колдонуунун натыйжалары менен бөлүшүштү. Ал эми кытайлык адистер тубаса жүрөк ооруларын дарылоодо бул ыкманы колдонуу боюнча семинарларды өткөрүштү.


Серик Алимбаев, Улуттук илимий кардиологиялык борбордун дарыгер-интервенциялык кардиологу, Казакстан:


- Интервенциялык ыкмада операция кесилбестен жасалат. Жүрөктү токтотуунун, көкүрөктү ачуунун кажети жок. Операция тамырлар аркылуу жасалат. Демек, кесилбестен жана эң негизгиси иштеп жаткан жүрөккө жасалат. Албетте, бейтапты калыбына келтирүү иши да өтө кыска убакытты талап кылат. Операциядан кийин бейтап бир-эки күндөн кийин үйүнө чыгарылат.


Өзбек серепчилери топтолгон тажрыйба саламаттыкты сактоо тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөрүн айтышууда. Ошондой эле, бул аймакта жүрөктү сапаттуу жана коопсуз дарылоого мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков