ДССУ пандемиянын сценарийин сунуштады

ДССУ пандемиянын сценарийин сунуштады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19га карата жаңыланган стратегиялык даярдык жана ыкчам аракет кылуу планын сунуштады. Ал жерде 2022-жылы пандемиянын өнүгүшү үчүн үч мүмкүн болгон сценарий жасалган. Адистердин айтымында, вирус өнүгө берет, бирок убакыттын өтүшү менен илдетти жеңип чыккандар менен вакцинанын таасиринен иммунитеттин жогорулашына байланыштуу инфекциянын оордугу төмөндөйт.Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да келечекте топтук иммунитеттин алсырашы оорулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Бул, өз кезегинде, аялуу топтор үчүн мезгил-мезгили менен эмдөөнү талап кылышы мүмкүн. Белгилей кетсек, эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада 10 миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп, 45 миңден ашуун адам каза болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков