Nobel fest: Астанада дүйнөлүк билим жумалыгы өтүүдө

Nobel fest: Астанада дүйнөлүк билим жумалыгы өтүүдө

Астанада өтүп жаткан Нобель фестивалына IT-технологиялар, жасалма интеллект, нейробиология жана билим берүү тармагындагы дүйнөнүн ондогон алдыңкы серепчилери жана окумуштуулары катышууда. Ири масштабдуу иш-чара салттуу түрдө Нобель сыйлыгынын лауреаттары менен инновация лидерлерин башын бириктирет. Бул жылы алардын арасында эмгек жана карьеранын келечеги боюнча дүйнөдөгү №1 адис – Гарри Боллс, БУУнун баш катчысынын мурдагы кеңешчиси Рае Квон Чунг, ошондой эле белгилүү окумуштуу Константин Северинов бар. Алардын айтымында, фестивалда өзгөчө көңүл бурулган билим берүү тармагы бүгүнкү күндө трансформацияланууда жана аны өнүктүрүү үчүн жаңы ыкмалар керек.


Константин Северинов, Биология илимдеринин доктору, профессор, генетика боюнча серепчи:

- Албетте, билим өнүгүшү керек, билим берүү бардык баскычтарда болушу керек, балдар менен иштөө, сиз өзүңүзгө каршы деп эсептеген топторду табуу, алардын арасынан лидерлерди табуу жана алар менен иштөөгө аракет кылуу абдан маанилүү экени айдан ачык. Менин оюмча, мектептеги өтө жакшы, сапаттуу билим берүү кандайдыр бир дүйнө таанымга эффективдүү таасирин тийгизет окшойт. Адам мектептен дүйнөнүн кандайдыр бир рационалдуу сүрөтү менен чыгышы керек.

Фестивалда өлкөнүн алдыңкы окуу жай мекемелери билим берүү тармагындагы өздөрүнүн инновациялык жана санариптик кызмат көрсөтүү-өнүмдөрүн тааныштырышты. Алардын бири Алматыдагы жеке менчик мектептердин биринде экинчи жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Иштеп чыгуучулар - платформа жараяндын бардык катышуучулары үчүн ылайыкташтырылганын белгилешет.

Мурат Жашкеев, долбоордун жетекчиси:

- Артыкчылыгы биз академиялык маселелерди гана камтыбаганыбызда. Биз ошондой эле HR-маселелери, бухгалтердик эсеп, укуктук маселелер, ошондой эле, электрондук документ жүгүртүү, онлайн кол коюу жана башка маселелерин чечебиз. Башкача айтканда, бул эко-система деп аталат, анткени ал мектеп ичинде пайда болгон ар кандай маселелерди, анын ичинде бириктирүү, тышкы системалар менен интеграциялоо, биометрика үчүн, банктар менен төлөөнү камтыйт.

Nobel Festанын алкагында «Казакстан мугалими» республикалык сынагы да уюштурулган. Анын жеңүүчүсү республиканын атынан «Global teacher prize» сылыгына катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков