Президент Лиз Трассты Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен королдугунун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев телеграммасында Казакстан эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жогору баалай турганын жана көп тараптуу мамилелерди чыңдоо, актуалдуу глобалдык маселелер боюнча позицияларды координациялоо үчүн тыгыз кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле, мамлекет башчы Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык өнөктөштүктө түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун келечегин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин күн тартибин карап чыгышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков