Казакстандык ымыркайды сактап калган түрк дарыгери сыйланды

Казакстандык ымыркайды сактап калган түрк дарыгери сыйланды

Казак ымыркайын сактап калган түрк депутаты жана дарыгери Режеп Шекер Президент Касым-Жомарт Токаевдин атынан сыйлык алды. Казакстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абзал Сапарбекулы Президенттин сыйлыгын тапшырып, чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, мындан бир нече ай мурун учактын бортунда казакстандык эгиз ымыркайлардын биринин жүрөгү токтоп калган. Муну уккан Режеп Шекер ымыркайды жасалма дем алдыруу жана жүрөктү укалоо менен сактап калган. Учак тез арада Анкара шаарына конуп, ал жерде бала ооруканага жаткырылган.

Режеп Шекер, депутат, дарыгер:

Окуянын катталганы өкүнүчтүү. Бирок натыйжасы жакшы. Ымыркайлардын үй-бүлөлөрү менен байланышып турабыз. Ал тургай бир нече күн мурун видео жөнөткөн. Салмак кошуптур. Аман болсун. Бул эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык жана достук мамилелерге себепчи болду. Мага көңүл бургандыгы үчүн Президент Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков