Кытайлык инвесторлор «жашыл» энергетика тармагында Казакстан менен
кызматташууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөбүздүн премьер-министри жана бул
тармактагы Кытайдын алдыңкы компанияларынын биринин жетекчиси Астанадагы
жолугушууда билдиришти. Маектештер таштандыларды кайра иштетүү боюнча
биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин караштырышты.
Олжас Бектенов президент экологиялык модернизациянын жана туруктуу өнүгүүнүн
маанилүүлүгүнө басым жасаганын белгиледи. Казакстан «жашыл» трансформацияны
мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттеринин бири катары карайт. Бүгүнкү
күндө республикада Waste to Energy механизми боюнча долбоорлорду ишке ашыруу
үчүн зарыл болгон укуктук база бар. Өкмөт бул тармактагы эл аралык
технологиялык компаниялар менен кызматташууга ачык. Жолугушуунун жыйынтыгында
тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин ырастап, өнөктөштүк
мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.
Которгон: Назира Бегалиева

