Долбоор күн нуруна жараша панелдерди оптималдуу жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Стартаптын автору Абдирахим Асандын айтымында, уникалдуу система геолокацияны, аба ырайынын шарттарын жана сутканын убактысын эске алат. Программа бүгүнкү күндө Африка жана Америка өлкөлөрүндө сыноодон өттү. Натыйжада күн энергиясын 50%га чейин көбүрөөк алууга боло тургандыгы аныкталды. Азырынча система механикалык түрдө гана иштейт. Деген менен иштеп чыгуучулар жасалма интеллекттин жардамы менен программалык башкарууну киргизип жатат. Ошондой эле долбоор толук аяктагандан кийин программанын баштапкы коду казакстандыктарга акысыз берилет.
Абдирахим Асан, долбоордун автору:
- Биздин иштелип чыккан система күн панелин кайда коюуну өзү көрсөтөт. Башкача айтканда, күн энергиясын пайдалануу көлөмүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон чекитти аныктап берет. Бул кодду мобилдик жана стационардык панелдерге киргизүүгө болот. Ал эми жасалма интеллекттин жардамы менен биз аба ырайынын начардыгынан келип чыккан жоготууларды азайтып, көбүрөөк энергия өндүрүүнү башкара алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков