Бул жагынан аларга дүйнөдөгү эң ири бизнес-инкубатор болгон F станциясы жардам берет. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, макулдашууларга ылайык, ата мекендик долбоорлор үчүн инкубациялоо жана активдештирүү программалары үчүн Fast track уюштурулат. Ал эми бул Казакстандын долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурууну билдирет – өзүнчө тартипте кароо, француз инвесторлору менен корпорацияларына сунуштоо. Мындан тышкары, Astana Hub жана F станциясы тажрыйба алмашат, бул казакстандыктарга европалык эксперттер менен кызматташууга жана ЕБ рыногуна чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, биздин өлкө Астанадагы технопарктын базасында Thales Digital Factory компаниясынын билимин киргизүүнү көздөп жатат. Бул өз кезегинде ата мекендик корпорацияларга керектүү стартаптарды тандоого мүмкүндүк берет; эксперттер менен биргеликте иштелип чыккан акселерацияларды өткөрүп, тездетилген үлгү боюнча келишимдерди түзүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков