Казакстандык
«Алтын Талаа» демилгеси «Жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү»
номинациясында абройлуу экологиялык The Earthshot Prize сыйлыгын жеңип алды.
Ханзаада Уильям тарабынан түзүлгөн сыйлык планетаны сактап калуу үчүн
инновацияларга көңүл бурат. Казакстан сайгактардын санын көбөйтүүдө жана
корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүүдө жетишкен мыкты жетишкендиктери үчүн
сыйланды. Бүгүнкү күндө сүт эмүүчүлөрдүн бул түрүнүн саны дээрлик 3 миллионго
жетти. Белгилей кетсек, Казакстанда Кулан, Пржевальск жылкысы, талаа бүркүтү
жана башка сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн саны калыбына
келтирилүүдө. Жалпысынан долбоорду ишке ашырууга 9,5 млн долларга жакын инвестиция
тартылган.
Аскар
Абдрахманов, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин комитет
башкармалыгын жетекчиси:
- Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик.
Учурдан пайдаланып Казакстанды жана биздин өнөктөштөрдү ушул маанилүү окуя
менен куттуктагым келет. Алдыда бизди көптөгөн жеңиштер күтүп турат деп ишенем.
Алган сыйлык-бул планетанын биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүдө
Казакстандын сиңирген эмгегинин дүйнөлүк таанылышы гана эмес. Ал дүйнөлүк
экологиялык көйгөйлөрдүн жигердүү жана натыйжалуу катышуучусу катары
республикабыздын ролун дагы бир жолу тастыктайт. Биздин алдыбызда амбициялуу
милдеттер турат. Анткени, "Алтын талаа" демилгеси Казакстандын
уникалдуу талаа экосистемаларын сактоого жана изилдөөгө муну менен катар жаныбарлар
дүйнөсүнүн негизги түрлөрүн калыбына келтирүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, бул Казакстандын жаратылышты коргоо
демилгесинин биринчи сыйлыгы эмес. Аны 2022-жылы Бириккен Улуттар Уюму да
белгилеген. Долбоор дүйнөлүк калыбына келтирүүнүн флагманы деп жарыяланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков