Казакстандык көзү азиз - адамдарга арналган «акылдуу баш кийим» ойлоп тапты

Казакстандык көзү азиз - адамдарга арналган «акылдуу баш кийим» ойлоп тапты

Казакстандык окуучу көзү азиздер үчүн уникалдуу инновациялык баш кийим ойлоп тапты. Костанайлык окуучу «акылдуу баш кийим» - көрүүсү начар адамдар үчүн алмаштыргыс жардамчы болот дейт. Ойлоп табуу алардын шаар чөйрөсүндө коопсуз жүрүүсүн камсыздайт. Өзгөчө баш кийим айлананы сканерлеген камералар жана сенсорлор менен жабдылган. Жасалма интеллект, реалдуу убакыт режиминде алынган маалыматтарды анализдөө менен, ээсине жолдогу тоскоолдуктар, бийиктиктин өзгөрүшү сыяктуу кыймыл үчүн маанилүү маалыматтар жөнүндө маалымдайт. Муну менен катар ага системаны орнотуп, смартфонго туташтырууга болот. Бул үн эскертмелери аркылуу күнүмдүк окуялар же аба ырайы тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берет. Ойлоп табуучу аппаратты сокурлардын мейкиндикте эркин жүрүүсүнө мүмкүндүк берүүчү массалык өндүрүш жолуна коюуну көздөйт.

Леонид Напрасный, ойлоп табуучу:


- Келечекте биз атайын угуу аппараты бар адамдар үчүн кошумча акы төлөнүүчү программаны орноткубуз келет. Аны угуу Аппаратына туташтыруу менен биз сигналдардын тазалыгын камсыздайбыз. Андан кийин, эгерде өз алдынча кыймылдай албаган адам мүмкүнчүлүгү чектелгендер коляскасында отурса же атайын таяктын жардамына муктаж болсо, жасалма интеллект айланасындагы кыймылга тоскоол боло турган объектилер жана жанында жүргөн унаалар жөнүндө маалымат берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков