Казакстанда дагы бир IT хаб пайда болду. Бул – ушуну менен өлкөдө ачылган 18-Аймактык санариптик кеңсе. Петропавловск шаарында кайрадан ачылган борбор Түндүк Казакстан аймагындагы жаңы инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды колдоого, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, хаб активдүү жаштардын, ишкерлердин алдыңкы идеяларын ишке ашырууга жана аларды өндүрүш жолуна салууга көмөктөшөт. Анын аймагында инкубациялык программалар, окуу курстары, семинарлар, форумдар, хакатондор жана бир катар расмий эмес жолугушуулар өтөт. Жаш ойлоп табуучулар өлкөнүн тармагынын тажрыйбалуу адистеринен кеңеш алып, IT тармагынын оош-кыйыштарын өздөштүрүшөт. Катышуучулар жаңы борбордо заманбап билим алуудан тышкары, чеберчилик жана тажрыйба менен бөлүшүшөт.
Аида Дусова, ASTANA HUB аймактык өнүктүрүү кеңсесинин мүдүрү:
- Бул жерге IT тармагында идеясы бар жарандардын баары келсе
болот. Биздин адистер аны ишке ашырууга
максималдуу жардам көрсөтүшөт. Мында түрдүү курстар ачылган. Эң негизгиси,
бардыгы акысыз. Мисалы кодсуз программалоону үйрөнүүгө болот. өз оюн ар
тараптуу жакшыртып, кеңейтүү үчүн бардык
шарттар түзүлгөн. Бизде
тышкы рынокторго чыгуу үчүн ар кандай эл аралык өнөктөштүккө багытталган
долбоорлор бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

