Ата мекендик дарыгерлер боордун рагын заманбап ыкмалар менен дарылап жатат. Башкача айтканда, залалдуу шишикти алып салуу үчүн операция бычаксыз жасалат. Боор артериясын химия-эмболизациялоо ыкмасын үйрөнүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн дарыгерлер келишүүдө.
Мына бул шишик , ал мындай көрүнөт. Биз азыр химоэмболизация жасайбыз. Атайын эритүүчү киргизилет.
Багдал Сайфолла бир жыл мурун боорунда шишик барын билгенден бери дарыгердин көзөмөлүндө. Рактын көлөмү чоңойгондуктан, операцияны бир нече жолу жасоо чечими кабыл алынган.
Багдал Сайфолла, шаар тургуну:
- Мен бир жылдан бери бул оору менен ооруйм. Мурун чет өлкөдө операция жасайт дечү. Азыр ушул ооруканада жасалып жатат. Ден соолугум жакшы болуп калды.
Нияз Малаев, онколог дарыгер:
- Бул залалдуу шишикти дарылоонун уникалдуу жана эң эффективдүү ыкмасы. Мындай операция Казакстандын жарандары үчүн бекер жасалат. Муну көп адамдар биле беришпейт. Рак оорусунун баштапкы стадиясын дарылоо да чет өлкөдө. Биздин дарыгерлер абдан тажрыйба топтоду. Мына бүгүн Өзбекстандан кесиптештерибиз келип, сабак алып жатышат.
Казакстанда жыл сайын 35 миң адам залалдуу шишик илдетине кабылат. Быйыл 19 миңден ашык адам рак оорусуна чалдыккан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков