Казакстанда акыркы суткада 1257 адам коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда акыркы суткада 1257 адам коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 1257 жаңы учур катталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада, 353 адам илдетти жуктуруп алган. Алматы шаарында 349, бул үчөөнү бириктирип турган Алматы облусунун 115 тургунунан инфекция аныкталды, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 313 миңден ашты. Учурда 5 жарым миңдей адам ковид инфекциясынан дарыланып жатат, анын ичинен 588 бейтап ооруканада. Ошондой эле, Казакстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 318 миңдей казакстандык эмделди. 4 миллион 894 миңден көп тургун ревакцинацияланды.