Казакстанда өткөн суткада 2 800 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 2 800 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда кооптуу илдетти жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы сутка ичинде эле республика аймагында 2 800 COVID-19 бейтаптары аныкталды. Бардык учурлардын үчтөн биринен көбү республиканын борборуна туура келет. Өсүш боюнча экинчи орунда Караганды облусу турат. Бул жерде 349 адам, ал эми Алматы шаарында 340 жаңы учурлар катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республикада инфекция жайыла баштагандан бери 445 миңден ашуун казакстандык COVID-19 илдетине чалдыккан.

Ошол эле учурда, мекеме ушул тапта 35,5 миңден ашуун казакстандыктар коркунучтуу вируска каршы дарыланып жатышканын маалымдады. Илдет жуктурган 709 адамдын абалы оор, 91 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков