Катон-Карагай паркы Казакстандан алгачкылардан
болуп Green destinations Top 100 Stories дүйнөлүк рейтингине кирген жаратылыш аймагы
аталды. Бул аймак дүйнөдөгү 170 жердин ичинен тандалып алынды. Талдоочулардын айтымында, экологиялык таза аймактардын
тизмеси Туруктуу туризм боюнча Глобалдык кеңеш тарабынан таанылган талаптарга
ылайык түзүлөт. Башкача айтканда, жаратылышынан уникалдуу аймактардын арасында
көрүнүү үчүн аталган жерди башкарууда жана өнүктүрүүдө эффективдүү чечимдерди
колдонуу, туристтерди кызыктыруучу комплекстүү маданий программаларды киргизүү өбөлгө
болгон. Белгилей кетсек, Катон-Карагайдын бул тажрыйбасы эми башка тандалган
экологиялык жана улуттук парктар менен туризм багытында тажрыйба алмашуу үчүн
колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков