Казак окумуштуулары жатын моюнчасынын рагын аныктоочу эритме иштеп чыгышты

Казак окумуштуулары жатын моюнчасынын рагын аныктоочу эритме иштеп чыгышты

Окумуштуулар буга 2 жыл убакыт коротушкан. Окумуштуулардын айтымында, суюктуктун курамы жөнөкөй. Сапаты боюнча чет элдик аналогдордон кем калышпайт. Ошол эле учурда, жергиликтүү окумуштуулардын ийгилиги аларды бул көз карандылыктан куткарып, бир топ каражатты үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

Кыдырмолла Акатан, жамааттык колдонуудагы улуттук илимий лабороториянын жетекчиси:

- Импорттук эритмеге келсек, бир флакондо 17-18 мл болсо, биринин баасы биздикине салыштырганда 10 эсе кымбат. Биз жасаган курам боюнча, ал атайын бир реагент менен кимдир бирөөдөн көз каранды дегендик эмес, бирок ал жөнөкөй жеткиликтүү реагенттерден жасалган.

Окумуштууларга кеп-кеңеш берип келген облустук онкология диспансеринин адистери чечимдин натыйжалуулугун жогору баалашты. Бүгүнкү күндө онкологиялык дарыгерлер массалык скринингден өткөрүү үчүн ата мекендик өнүмдүн колдонууга киргизилишин күтүп жатышат. Маселен, Чыгыш Казакстан облусунда жыл сайын 50 миң адам жатын моюнчасынын рагын эрте аныктаган диагностикадан өтөт. Ошол эле учурда, окумуштуулар учурда эритменин курамын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышат.

Айдана Имашева, университет алдындагы улуттук илимий лабороториянын илимий кызматкери

- Турукташтыргыч эритменин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн биз азыркы учурда ошол эле касиетке ээ, башкача айтканда, фиксациялык касиетке ээ болгон башка биоматериалдарды изилдеп жатабыз. Буга кошумча аны ташуу маселесин да карап жатабыз.

Белгилей кетсек, авторлор бул өнүмдү массалык өндүрүшкө киргизүүгө даяр. Учурда нано-өнүмгө патент алынып, өлкөдөгү медициналык буюмдардын реестрине киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков