Жетимиштен ашык өлкөдө маймыл чечеги оорусунун 14 миңге жакын учуру катталган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Көпчүлүгү дагы деле Европада. Маймыл чечеги оорусу көбүнчө эркектерде кездешет. Уюм атайын комитеттин жыйыны өтөөрүн белгиледи. Анда бул оорунун чыгышы эл аралык маанидеги коомдук саламаттыкты сактоо үчүн чукул кырдаал болуп санала тургандыгын аныктоого ниеттенет.
Которгон: Назира Бегалиева