Федор Мальчик - Казакстандагы илимдын белгилүү өкүлү, сыймыгы десек
жарашат. Ал литий-иондук батареяларды кайра иштетүү тармагын камтыган өлкөдөгү
уникалдуу долбоорго жетекчилик кылат. Анын ичинде топтоо жана
бейтараптандыруудан баштап, баалуу заттарды кайра иштетип, өндүрүшкө киргизүүгө чейинки этаптарды десек болот.
Бул изилдөө жөн гана технологиялык чечим эмес, жаңы экологиялык маданиятка
кадам. Далилдер боюнча, келечекте батареялар туура пайдаланылып, иргелип, кайра
иштетилет. Ал эми кооптуу калдыктар баалуу ресурс болуп калат.

