Жеке ден соолук коду

Жеке ден соолук коду

Казак окумуштуусу Амангелди Салыбековдун изилдөөлөрү рак, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана сейрек кездешүүчү генетикалык ооруларды эрте аныктоого багытталган. Анын лабораториясы жасалма интеллекттин жардамы менен ДНКны «аныктоо» заманбап ыкмаларын иштеп чыгууда. Бул технологиялар кооптуу өзгөрүүлөрдү биринчи симптомдор пайда болгонго чейин аныктоого мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, окумуштуу Салыбековдун командасы ДНКнын бузулган жерлерин алып салуучу, оорунун эрте пайда болуу коркунучун азайтуучу генди редакциялоо технологияларынын үстүндө иштеп жатат.