Бал боор- Жоо жүрөк

Казак ашканасындагы ар бир тамак өз таржымалына жана философиясына ээ. Эненин кызына болгон сүйүүсүн чагылдырган бир катар тамактар бар. Ошол эле учурда уулдарына дагы арнаган тамактар болгон. Эненин жүрөгү канчалык чоң экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Демек, ар бир тамакка ал өзүнүн камкордугун жана сүйүүсүн кошо салган, ал эми “Жоо жүрөк” тамагы - мына ошол чыныгы сезимдерди чындыгында көрсөтө алган тамактардын бири болуп саналат.