Бүгүнкү чыгарылышыбызда «Ашкабак табак» жана «Иримшик жана каймакттын кошулмасы менен каттама» тамагын жасамакчыбыз. Экинчи тамагыбыз негизинен жылкы этинен жана демделген ашкабактан жасалат. Сапарда жүргөн учурларда ашкабакты идиш катары пайдаланышкан. Башкача айтканда, ал толугу менен казанды алмаштыра алган. Ашкабакта демделген жылкы эти толугу менен анын ширесин сиңирип алат жана абдан жумшак, даамдуу болуп калат.