Бүгүн сиздер менен биргеликте «Быжы» жана «Бал каймак менен куймак» жасамакчыбыз. «Быжы» жасагандан баштайбыз. «Быжы» - бул өз ширесинде быша турган, абдан пайдалуу тамак. Быжыны жасаш үчүн такыя карынды пайдаланабыз – ал чоң карындын бир бөлүгү. Уй этинин сулпусун жана жашылчалар алынат.