Казак окумуштуулары Кызыл китепке кирген өзгөчө өсүмдүктөрдү жаңы ыкмалар менен өстүрүүдө. Улуттук биотехнология борборунда адистер жалбырактан, тамырдан, жада калса бир клеткадан жаңы өсүмдүк өстүрүп чыгарышат. Бул жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калуу үчүн маанилүү болуп саналат. Бир микроматериал жыгачка айланышы үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынат.
Эрлан Раманкулов, Улуттук биотехногология борборунун башкы директору:
- Бул Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен иштөө биз үчүн маанилүү. Анын үстүнө уруксуз өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн жолдорун колго алганбыз. Бул жагынан алганда алда канча натыйжалуу.
Көчөттөрдүн жаңы сорттору, үрөндөр дароо себилбейт. Биринчиден, ал макро жана микроэлементтер менен чакан идиштерде жетилет. Гибриддештирүүнүн өзгөчөлүгү мына ушунда. Өсүмдүк курамындагы элементтерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бар. Жасалма жол менен көбөйсө дагы, жаңы бүчүрлөр табигый касиетин жоготпойт. Андан кийин көчөттөр борбор калаанын көчөлөрүнө отургузулат.
Алмагүл какимжанова, Улуттук биотехнология борборунун РМК лабораториясынын директору:
- Биз ак теректи анан кызыл китепке кирген өсүмдүктү алдык. Недвецкий, сиверс жана малинск дарагы. Ал кызгылт болуп сонун гүлдөйт. Астананын аба ырайында жакшы өсөт. Табигатта өскөндөрдү көп алып чыгабыз. Бир бүчүрдөн бир нече миң өсүмдүктөрдү алабыз.
Казакстандын окумуштуулары бул жаңы ыкма менен 3 жылдын ичинде 7 миңге жакын бак-дарак тигип, өстүрүштү. Алдыда өсүмдүктөрдү гибриддештирүүнүн башка ыкмаларын колдонуу жана өнүктүрүү пландалууда.