Астанада жаңы онкологиялык борбор ачылат

Казакстан Борбор Азияда биринчилерден болуп онкологиялык оорулууларга протондуу терапия жасайт. Аймактагы алгачкы мекеме жаңы Улуттук онкология илимий борборунда жайгашат. Ал жылына 6 миң адамды кабыл ала алат. Борбордо радионуклиддүү диагностика жана терапия жүргүзүлөт. Буга кошумча, радиофармацевтикалык препараттарды чыгаруу күтүлүүдө. Мындан тышкары, сөөк кемтигин трансплантациялоо боюнча жылына 200 операция жасай турган  онкогематология борбору да ачылат. Жаңы онкологиялык борбордун экинчи бөлүгүндө илимий-билим берүү борбору курулат. Чоң диагностикалык клиникадан тышкары 3 операция залы жана 140 орунга арналган чоң стационар каралган. Бардык заманбап талаптар менен жабдылган борбор 2024-жылдын биринчи жарымында пайдаланууга берилет. Долбоорду ишке ашырууга Швейцариянын жана АКШнын алдыңкы компаниялары тартылды. Учурда курулуш иштери 90% аяктап калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков