Аяк оона айынан баштап Петропавл шаарындагы Түндүк Казакстан университетинин алдындагы Аризона университетинин филиалына алгачкы студенттерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары Ералы Тогжановдун чет элдик жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Аймактык университеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окуу жараянында Аризона университетинин алдыңкы тажрыйбалары колдонулат. Окутуу процессине чет элдик профессорлорду, ошондой эле ата мекендик алдыңкы окумуштууларды тартуу мерчемделген. Кызматташтыктын алкагында билим берүү жана академиялык мобилдүүлүк программалары иштелип чыгып, чет элдик профессорлор тартылат. Бул алдыңкы изилдөөлөрдү жана эл аралык долбоорлорду жүргүзүүгө шарт тузөт. Казакстандык студенттер кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков